КЫЛЫ КЫЙШАЙБОО
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Эч нерсе болбоо, эч зыян тартпоо, тоготпоо. Арадан беш ай өткөндөн кийин «Усупбеков кылы кыйшайбай эле баягы кызматында иштеп жүрөт» деген кабар уктум («Чалкан»). Баарыбыздан кеч туруп, энем экөөбүз даярдаган дасторконго олтуруп, кылы да кьйшайбай чай ичкенин кантесиң («Кыргызстан маданияты»). Эр өлтүргөндө да кылы кыйшайбаган манап кокусунан кармалгансып, мудасын уулдарына дайындай албай калды (Каимов).